• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

200 миң сом. Милиция алдамчылыкка шектелген жаранды колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды колго түшүрдү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 21-сентябрында болжол менен саат 10:30дар чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Өскөн-Ордо конушундагы алдамчылык фактысына байланыштуу чакыруу келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барган.

"Маалым болгондой, 1983-жылы туулган К.Т., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын июль айында 1984-жылы туулган Т.К., аттуу жаран арыз ээсинин үйүнүн ичиндеги курулуш иштерин оңдоп берем деп, 200 миң сом өлчөмүндө акча алып, бүгүнкү күнгө чейин алдоо жолу менен үйүн жасабай, акчасын да бербей жүргөндүгү белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Жазылган арыздын негизинде Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, арыз ээси менен бирдикте Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен 1984-жылы туулган Т.К., аттуу жаранды кармап, Аламүдүн райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Аталган факт Аламүдүн райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204–беренесинин ("Алдамчылык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий