• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2000 сомдук банкнот Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн валюталары арасындагы сынакта жеңүүчү болду

Коом 0


Бишкек, 27.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2000 сом номиналындагы эстелик банкнот Борбордук жана Чыгыш Европа менен КМШ өлкөлөрү арасындагы “2018-жылдын мыкты аймактык банкноту” эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу КР Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон такташкандай бул сыйлык жасалга, заманбап коргоочу элементтерди колдонуу тармагында, ошондой эле технологиялык камсыздалышы жана банкноттун корголушу үчүн ыйгарылат.

Жылдын мыкты аймактык банкнотунун сынагы жыл сайын өтүүчү жогорку корголуучу басма эл аралык конференциясынын (High Security Printing) алкагында Польшанын борбору Варшавада үстүбүздөгү жылдын 19-21-февралында өттү. High Security Printing – бул ири аймактык жыл сайын өтүүчү банкноттордун коргоочу элементтерине, башка баалуу кагаздарды өндүрүү, басуу маселелерине арналган конференция.

Эскерте кетсек, 2000 сомдук эстелик банкноту жүгүртүүгө 2017-жылдын 17-ноябрында чыгартылган. Ал Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына, КР Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана улуттук валютанын киргизилишинин 25 жылдыгына арналган.

Пикир

Оставить комментарий