• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2000ге жакын студент социалдык кредиттердин алгачкы траншын ала алышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Кечээ, 11 – июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда жактырды. Анда жогорку билим алууда социалдык кредиттердин берилиши тууралуу сөз болот.

Демилгечилердин атынан баяндама жасаган депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорун биринчи окууда караган учурда айтылган сунуш – пикирлердин бардыгы эске алынгандыгын билдирди. Башында мыйзам долбоорунда жогорку билим алууга жеңилдетилген кредиттер деп белгиленген болсо, азыркысында жалпылаштырып, жогорку билим алууга зарыл болгон социалдык кредиттер болуп өзгөртүлдү, - дейт баяндамачы.

Ошондой эле эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса анын ишке кирүү мөөнөтү 2019 – жылдын 1- январынан баштап жүзөгө ашырыла баштайт.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз ар бир студенттин укуктары бирдей корголушу керектигин айтып, мисалы, БААУдагы студент менен Агрардык университеттин студенти керектүү каражатты алууда теңме – тең мүмкүнчүлүктөрдөн колдонушу шарт, - деген талапты койду. Анан дагы үстөк пайыздары аз өлчөмдө берилип жаткан соң, бюджеттин жоготуулары кандай болуп калаарына кызыкты.

Депутат А.Касымалиева коңшу Казакстанда “Болочок” программасынын иштеп жаткандыгын мисалга келтирип, анын катышуучуларынын алды министр, министрдин орун басары болуп калгандыгын айтты. Кайсыл адистиктерге суроо – талап жогору экендигин так тактап алуу зарылчылыктарына да токтолгон депутат бул багытта натыйжалуу иш жүрсө, - деген тилегин билдирди.

Билим алуу максатында берилүүчү кредит адеп 500 стулентке, - деп болжолдонуп жаткан болсо, азыркы эсепте 2000 студентке ылайыкталып чыкты. Алардын муктаждыктарын жабууга алгач 3, 5 млн. сом талап кылынат. Депутат А.Токторов бул эсептин кайдан келип чыккандыгына кызыгып, баяндамачыларга бир топ суроолорун жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий