• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2002-жылдан бери Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү 730 миңден ашык адам тапшырган

Билим 0


Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп келе жаткан жылдан – 2002-жылдан бери тестирлөөнү 731 миң 998 абитуриент тапшырган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ошол мезгилден бери тестирлөөнү өткөрүү милдетин аталган борбор аткарууда.

"Былтыркы жылы тестирлөөнү 44 миң 829 адам тапшырган. Алардын 62%ы 110 баллдык босого баскычын өтө алган. Быйылкы жылы тестке каттоо акысы бир аз жогорулап, 370 сомду түздү. Биздин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору коммерциялык эмес мекеме болгондуктан пайда табууну көздөбөйбүз. Ага байланыштуу ар бир абитуриенттен келген каражат толугу менен тестти түзүүгө, өткөрүүгө, тесттин жыйынтыктарын берүүгө ж.б. иштерге сарпталат. Ал каражаттан бизге акча калбайт", - деди ал.

Ал белгилегендей, тестирлөөнү өткөрүү үчүн 1 миңге жакын администратор тартылып, аларга күнүнө 1 миң сомго жакын каражат төлөнөт. Алар жалпысынан алты күн иштешет. Тестирлөө Кыргызстан боюнча 130га жакын тест борборунда жүргүзүлөт.

Анын айтымында, Быйыл Билим берүү министрлиги ЖРТны үч жылга өткөрүүгө тендер жарыялап, анын жыйынтыгы менен 2020-2022-жылдарга тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрмөй болгон.

Белгилүү болгондой, абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият (акыркы кыргыз жана орус тил боюнча тест быйыл киргизилди) боюнча тест тапшырышат. Кыргызстанда тест тапшырып жаткандар көбүнчө кошумча предметтик тест катары тарых сабагын жана медициналык адистиктерге тапшыргандар көп болгондуктан химия жана биологияны тандашат.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктайт. Каттоо мектепти же кесиптик окуу жай, колледжди аяктап жаткандар үчүн алар окуган жерде, окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий