• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2009-2016-жылдары Россиянын Кыргызстандын мамбюджетине жардамы 375 млн долларды түзгөн – С.Масаулов

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль / Кабар/. 2009-2016-жылдары Россиянын Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жардамы 375 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Россия-Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк ( коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык)” аттуу эл аралык конференцияда Перспективдүү изилдөөлөр борборунун президенти Сергей Масаулов билдирди.

Анын айтымында, Россия жалпысынан 488,9 млн доллар суммасында Кыргызстандын мамкарызын кечкен.

“Ошондой эле, 500 млн сом капиталы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Россиядагы эмгек мигранттарынын акча которуулары да өлкөгө чоң көмөк болууда. Россиядан 2010-2014-жылдары Кыргызстанга алымсыз 1,8 млрд доллардан ашык суммада нефтпродуктылары түшкөн. Атап айтканда, 2010-ж. – 3,6 млн, 2011 –ж. - 335 млн, 2012-ж. - 494 млн, 2013-ж. - 521 млн, 2014-ж.– 450 млн доллар», - деди ал.

Мындан тышкары, С.Масаулов Россиянын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына салган инвестициясы 17,4 млрд долларга жеткенин белгиледи.

“Анын ичинен Кыргызстанга 62,29 млн дон ашык доллар инвестиция жумшалган. 2008 – 2015-жылдар аралыгында саламаттыкты сактоо тармагына 7 млн дон ашык доллар өлчөмүндө жардам берилген”,-деди Сергей Масаулов.

Пикир

Оставить комментарий