• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2010-жылдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 20-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2010-жыдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында 1985-жылкы К.А., аттуу жарандын үйүнүн мал сарайынан АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон 2 даана кутуча (магазин) жана 5.45 мм калибрдеги 51 даана ок дарылары табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган.

Ошол эле күнү Кара-Суу районун Мады айылында 1976-жылкы Т.Ж., аттуу жаран 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Бул фактылар Жазык кодексинин 253-беренесинин негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Алынган курал жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды таап алган жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жарактарды жана жардыруучу заттарды тапшырууга чакырат.

Ошондой эле өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-феваралындагы № 50-токтомунун негизинде төмөндөгү баада сый акы төлөнө тургандыгын маалымдайт.

1) Колго жасалган (жабдыксыз) жана түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү гранатометтердун кошкондо автоматтык гранатометтор – 16000 сом
2) Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөрдү кошкондо автоматтык гранатометтор - 16000сом
3) Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү автоматтарды кошкондо КА, МКА, АКМС, КА-74, АКС-74, АКС-74У автоматтардын түрлөрү ж.б.у.с. 9600 сом

4) Снайпердик атуу үчүн ылайыкталган узун сайлуу стволдук куралдардын түрлөрүн кошкондо СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпердик (көзгө атаар) мылтыктар – 9600 сом
5) Согуштук жана сайлуу аӊчылык куралдардан чолок мылтыктарды кошкондо аӊчылык карабини – 6400 сом
6) Сменалык, салынма стволдук чолок мылтыктарды кошкондо аӊчылык сайсыз мылтыктар 3200 сом
7) Колго жасалган атылуучу түзүлүштөр (октор менен атуу үчүн арналган буюмдар) - 1600 сом
8) Армиялык жарылма заттар (тротил, гексоген жана алардан жасалган буюмдарды кошкондо башка жарылма заттар) – 100 граммына 1600 сом
9) Өндүрүшкө арналган жарылма заттар (амонит, угленит жана алардын аналогдору) – 100 граммына 840 сом
10) Кол граната (машыгууда колдонгондон башка) – 3200 сом
11) Атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (машыгууда колдонгондон башка) жана сапердук миналар - 3200 сом
12) Сайлуу куралдарга ок-дарылар: 5,45; 7,62 мм жана андан ашык калибрдеги согуштук патрондор жана 7,62 калибрдеги аӊчылык патрондор - 1 даанасына 10 сом
13) Сайсыз курал жарактарга ок-дарылар – 1 даанасына 10 сом
14) Газ куралдары, травматикалык аракеттеги октору менен куралдар, өздүк коргонуу куралдары – 3200 сом
15) Атылуучу тапанча же револьвер – 6400 сом
16) Кара дары (порох) – 100 граммына 100 сом.

Пикир

Оставить комментарий