• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2012-2016-жылдар аралыгында мамлекеттин салыктык эмес кирешесинин жалпы көлөмү 1,5 эсеге жакын өскөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. 2012-2016-жылдар аралыгында мамлекеттин салыктык эмес кирешесинин жалпы көлөмү 1,5 эсеге жакын өскөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өлкөнүн каржы саясатын заман талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин долбоору каралып жатканда белгилүү болду. Башкача айтканда, салыктык эмес кирешелер 17,3 млрд сомдон 26,8 млрд сомго жетип, мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн 20,5 пайызын түзөт.

Белгилей кетсек, улуттук мыйзамдарга ылайык, мамлекеттин салыктык эмес кирешелерине салыктар, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган мамлекеттик бюджеттин кирешелери таандык.

Салыктык эмес кирешелердин курамына төмөндөгүдөр кирет: жыйымдар менен төлөмдөр, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануудан кирешелер, жарандык-укуктук, административдик жана жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, Улуттук Банк менен мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр, мамлекеттик алымдар, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алар тарабынан түзүлгөн бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды сатуудан, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн аткаруудан түшкөн кирешелер, патенттик алымдар. Ал эми ыктыярдуу төгүмдөр менен кайрымдуулук каражаттары акысыз, кайтарымсыз, милдеттүү эмес түрдө берилет.

Пикир

Оставить комментарий