• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2013-жылдан бери айыл чарбасын каржылоонун алкагында 17,1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди – Финмин

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Мехриниса Сулайманова-кабар/. 2013-жылдан бери айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоонун алкагында 17,1 млрд сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун жүзөгө ашыруунүн жүрүшү тууралуу” жана айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын колдоого багытталган мындан аркы чаралар темасындагы маалымат жыйынында Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен мал чарбачылыгына 13,7млрд сом бөлүнгөн, бул жалпы насыянын 80,6%ын түзөт.

“Өсүмдүк өстүрүү тармагына 1,7 млрд сом суммасындагы каражат бөлүнгөн, бул жалпы насыялоонун 9,2%ын, ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө 1,7 млрд сом насыя бөлүнгөн, бул жалпы көлөмдүн 10,2%ын түздү”,-деди ал.

Ошондой эле, Финминдин орун басары коммерциялык банкттар аркылуу жеңилдетилген пайыздык коюм боюнча, башкача айтканда жылдык 10%дан насыя таратууда Өкмөт комбанктардын чыгымын пайыздык коюмдарды субсидациялоо жолу менен жаап жатат, ал жылдык 11%ды түзөт деп билдирди.

“Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунда 18 айда төгүп бүтүү мөөнөтү менен мал чарбачылыгы үчүн жылдык 10%ды түзүү каралып жатканы маалымдалды. Муну менен бирге насыялоонун көлөмү жалпы сандын 60%ынан ашпашы керек.

“Өсүмдүк өстүрүүчүлүк үчүн дагы жылдык 10% каралууда, төгүү мөөнөтү 24 ай, ал эми насыялоонун көлөмү 20%дан ашпашы керек. Экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү үчүн 36 айда төгүү мөөнөтү менен жылдык 6% каралууда. Насыялоонун көлөмү 20%дан ашпашы керек”,-деп кошумчалады Алмаз Азимов.

Эскерте кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорунда пайыздык коюм 10%ды түзгөн, кайтаруу мөөнөтү 3 жыл.

Пикир

Оставить комментарий