• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2015-2016-жж. Россиядан КММ импорттоо Казакстандан мунайзат продуктуларын аткезчилик менен ташуунун натыйжасында кыскарган – У.Кулов

Экономика 0

Бишкек, 16-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2015-2016-жылдары Россиядан күйүүчү-майлоочу майды импорттоо Казакстандан мунайзат продуктуларын аткезчилик менен ташуунун натыйжасында кыскарган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Нефтетрейдерлери ассоциациясынын башчысы Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын КММга болгон жылдык керектөөсү 1 млн тонна бензин жана дизелди түзөт.

“Продукция расмий түрдө Россиядан гана ташылат. Казакстандан Кыргызстанга эсепке алынбаган КММ келет. Тактап айтканда, аткезчилик жол менен. Буга байланыштуу РФдан импорттоонун көлөмү кыскарууда. Эгерде салыштырсак, 2015-жылы өлкөгө алынып келинген күйүүчү-майлоочу майдын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 180 миң тоннага кыскарган. 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу дагы 80 тоннага кыскаруу болгон. Керектөөчүлөрдүн саны өспөсө дагы, зарыл болгон көлөм бир деңгээлде турушу сакталышы керек. Ошондуктан, биз кыскаруулар Казакстандан мыйзамсыз ташууларга байланыштуу деп болжойбуз”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, У.Кулов 2015-2016-жж. кышында КММ баасы сезондук факторго байланыштуу түшүүсү керек эле деп белгилейт.

“Анткен менен Россиядагы ири заводдорду ондоо иштерине байланыштуу мындай болгон жок. Төртүнчү чейректе эле россиялык мунайзат иштетүүчү заводдордон чыккан баанын көбөйүшүнө байланыштуу жогорулап баштады. Ошого карабастан, унификацияланган темир жол тарифтерин киргизүү менен кырдаалды жөндөштүрүүгө мүмкүн болду. Жыл башынан тартып январда баа туруктуу болуп, февралда КММ орточо 1,5 сомго арзандаган”, - деп кошумчалаган У.Кулов баага россиялык заводдор таасир берип жатканын белгиледи.

Мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин билдирүүсү боюнча, дүйнөлүк талдоочулардын маалыматына ылайык бүгүнкү күнү Кыргызстан дүйнөнүн 183 өлкөсүнүн ичинен КММ баасынын арзандыгы боюнча 20 мамлекеттин катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий