• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2015-жылдан тарта Кытайдан келген түз инвестициялар азайган – себеби эмнеде?

Экономика 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. 2015-жылдан тарта Кытайдан келген түз инвестициялар азайган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда Инвестицияны тартуу жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

"Эгер биз Кытай Эл Республикасынан келген инвестицияны 500 млн. доллар деп айтып келсек, андан кийин ал 300 млн. долларга, бүгүнкү күнү 120 млн. долларга түштү", - деди ал.

Анын айтымында, бул көбүнесе 2015-жылдан тарта КЭР банктардан каражаттарды жеңил берүүнү же корпоративдик сумманы алууну караштырган каржы тармагынын тескеп жатканы менен байланыштуу.

"Бул 5-10 млн. долларга чейин инвестиция жумшай ала турган инвесторлорго да таасирин тийгизген", - деп белгиледи Адилбек уулу Шумкарбек.

Ошентсе да агенттиктин башчысы Кытай Кыргызстандын башкы үч инвесторунун катарында экенин айтты.

"2018-жылдын жыйынтыгы менен Кытайдан келген инвестиция 35%ды түздү. КЭР Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болгондуктан активдүү түрдө инвестиция жасап жатат. Азыркы тапта кытайлык инвесторлор бул жерде өнөр-жай түзүп, Евразиялык аймакка экспорт жасап жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий