• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2015-жылы кыйноолор 122 өлкөдө катталган – PRI

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. 2015-жылы кыйноолор дүйнөнүн 122 өлкөсүндө катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Эл аралык абак реформасынын (PRI) Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Жаркынай Усупова билдирди.

Анын айтымында, PRI кыйноолор адамдын денеси менен аң-сезимин буза турганын белгилейт. Андан бир гана жабырлануучу эмес, анын айланасындагылар - үй-бүлөсү, достору жапа чегет.

"2015-жылы кыйноолор 122 өлкөдө катталган. Акыркы 10 жылда алар терроризм менен бир деп каралууда. Анын көп түрү бар: уруу, муунтуу, электр тогун колдонуу, тиш жулуу ж.б.", - деди ал.

Ал белгилегендей, кыйноолордун натыйжалары да андан кем калбайт. Уйкусуздук, жаман түш, стресс, депрессия - натыйжалардын чети гана.

Пикир

Оставить комментарий