• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2016-жылдагы «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортерлору» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-февралда 2016-жылдагы «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортерлору» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортерлору» болуп төмөнкүлөр аталды:

- «Машина куруудагы мыкты экспортер» номинациясында «ТНК Дастан» ААК;

- «Жеңил өнөр жзайдагы мыкты экспортер» номинациясында «Коттон-Текстиль Фактори» ААК;

- «Химиялык өнөр жайдагы мыкты экспортер» номинациясында «HTI Group» ЖЧК;

- «Минералдык отун боюнча мыкты экспортер» номинациясында «АБКЕ» ЖЧК;

- «Нарын облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «АгроЭкспортСервис» ЖЧК;

- «Баткен облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «Алыш-Дан» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи;

- «Ош облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «Коттон-Текстиль Фактори» ААК;

- «Талас облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «Б.С.К.» ЖЧК;

- «Ысык-Көл облусунун мыкты экспортеру» номинациясында

«Бир айыл Бир Продукт +1» коомдук бирикмеси;

- «Жалал-Абад облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «Тегене» ЖЧК;

- «Чүй облусунун мыкты экспортеру» номинациясында «Viva Tex» ЖЧК;

- «Бишкек шаарынын мыкты экспортеру» номинациясында «Paper Company» ЖЧК;

«Мал-чарбасы продукциясынын мыкты экспортеру» номинациясында «Ак-Жалга»ЖАК;

- «Өсүмдүк продукциясынын мыкты экспортеру» номинациясында «АЛЕЙНА» ЖЧК;

- «Металлургиядагы мыкты экспортер» номинациясында «Алимакс» ЖЧК;

- «Ювелирдик буюмдардын мыкты экспортеру» номинациясында « «Алтын» Кыргыз ювелирдик заводу» ЖЧК;

- «Мыкты экспорттук бирикме» номинациясында «Био Фермер» айыл чарба товардык-сервистик кооперативи;

- «Жыгачты иштетүү өнөр-жайындагы мыкты экспортер» номинациясында «Из Басма» ЖЧК;

- «Тамак-аш өнөр-жайындагы мыкты экспортер» номинациясында

«Кондитерский Дом Куликовский» ЖЧК;

- «Айнек жана таштан жасалган буюмдардын мыкты экспортеру» номинациясында «Эко-стоун» ЖЧК;

- «Рудалык эмес материалдардын мыкты экспортеру» номинациясында «Түштүк-Кыргыз Цемент» ЖАК.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экономиканы өнүктүрүүдө экспорттоо багыты аныктоочу ролду ойнойт, аны колдоого алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча планы бекитилген.

Белгилесек, сыйлоо аземи алкагында 2016-жылдагы «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортерлору» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аталган компаниялардын продукциясынын көргөзмөсү болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий