• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2016-жылы экономикалык өсүш фискалдык саясат тарабынан колдоого алынды - Дүйнөлүк банк

Экономика 0

Бишкек, 2-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2016-жылы экономикалык өсүш фискалдык саясат тарабынан колдоого алынды. Бул тууралуу маалымат жыйында КР Дүйнөлүк банкынын экономисти Бакыт Дубашев билдирди.

Анын айтымында, колдоо акысыз көрсөтүлгөн жок, ал үчүн төлөм төлөнгөн.

“Бул бардык сандарга таасир берди, тактап айтканда мамлекеттик карыздын өсүшүндө фискалдык буферлер жоготулган. Буга ылайык, тообокелдиктер мындан да жогорулады. Өлкө азыраак даяр болду. Аткаруунун тактыгы да начарлады”- деди ал.

Б.Дубашов бардыгын тиешелүү түргө келтирүү үчүн өкмөт белгилүү бир иш чараларды өткөрүүсү керек деп эсептейт.

“Жаңы күтүлбөстүктөргө даяр туруу үчүн тактык керек. Акыркы жылдардагы өнүгүүлөр, тышкы күтүлбөстүктөр өңүтүнөн алганда, өлкөбүз жаңы кыйынчылыктарга даяр эместигин билдирет. Жарандарыбыздын жашоо деңгээлине таасири тийбеши үчүн, өзүбүздү коргошубуз керек,”-деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий