• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы информатизация жана электрондук башкарууну ишке ашыруу мамлекеттик органы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. 2016-жылы информатизация жана электрондук башкарууну ишке ашыруу максатында атайын өзүнчө мамлекеттик орган түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2016-жылы мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууга басым жасалды. Бул маселени активдештирүү максатында 2016-жылы атайын өзүнчө мамлекеттик орган (Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети) түзүлдү.

«Функционалдык анализдин базасында ведомстволор ортосунда “Түндүк” электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы иштелип чыгып, ишке киргизилүүдө. Азыр анын айрым элементтери тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат»,-деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр билдиргендей, Мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу максатында мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында облустардагы бирин-бири кайталаган, ошондой райондон министрликтерге жана ведомстволорго өткөрүп берүү функциялары менен гана иштеген бир катар түзүмдүк бөлүмдөрдү жоюлду. Бул 8 министрликтин жана 6 административдик ведомствонун башкаруу структурасын оптималдаштырууга алып келди. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзам кабыл алынды. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын өркүндөтүүгө, материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо механизмдерин жакшыртууга жана кызматкерлер өз ишине продуктивдүү жана жоопкерчиликтүү менен мамиле кылуусуна багытталган.

Пикир

Оставить комментарий