• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы КР жарандары Россия жана Казакстандан 2 млрд долларга чукул каражат которушкан

Экономика 0


Бишкек, 6-март /Кабар/. 2016-жылдын 11 айында Россия жана Казакстанда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандары 1 млрд 834 млн АКШ долларын мекенине которушкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар КРнын Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки көйгөйлөрдү жазып жатышат, бирок кыйынчылыктар менен бирге жакшы жагы дагы бар. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү Кыргызстандын эмгек мигранттарына жумушка орношуу процедурасынын жеңилдешине байланыштуу ал жакта жашоо жана ишмердүүлүк жүргүзүүсүндө жакшы шарттар түзүлдү.

“Белгилеп кетүүчү жагдай, 2015-жылга салыштырмалуу өткөн жылы биздин мигранттар 300 млн доллар көп которушкан, бул өз кезегинде биздин экономикага оң таасир этет”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Кожошев “Манас”, “Ош”, “Торугарт”, “Эркештам” өткөнүү пункттары жаңыртылды, 7 ветеринардык өткөрүү пункттарынын айрым бөлүктөрү жаңыдан жабдылды. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен дагы 8 өткөрүү пункттун куруу жана жаңылантуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий