• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2016-жылы КРда 28 миңге жакын кылмыш катталган – Улуттук статком

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2016-жылы КРда 27 миң 481 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушууда социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылга салыштырмалуу бул 1 миң кылмышка көп. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында – 37%, эң төмөнкүлөр – Талас жана Нарын облустарында – 2,6% жана 2,3%.

“Катталган кылмыштардын 63,7%ы экономика тармагындагы кылмыштар. Андан соң, коомдук жашоого жана коомдук тартипке каршы кылмыштар – 17,3%, мамлекеттик бийликке каршы – 9,2%, жеке адамдарга каршы 9,5% кылмыш катталган. Ошондой эле, тынчтык жана адамдардын коопсуздугуна каршы кылмыштар – 0,2%, аскердик кылмыштар - 0,2%”, - деди Ж.Рахманова.

Ал ошондой эле, жасалган кылмыштардын ичинен 1-орунда тоноо турарын белгиледи. Статистикалык маалыматтарга караганда 87% кылмыштар эркектер, 13%ы аялдар тарабынан жасалган.

Пикир

Оставить комментарий