• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2016-жылы КРдан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеңил өнөр жай товарларын экспорттоо 38%га өстү – В.Путин

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда текстилдик өнөр жайы жанданып келе жатат, 2016-жылы кыргызстандык жеңил өнөр жай товарларын Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо 38%га өстү. Бул тууралуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Россиянын Президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, үстүбуздөгү жылдын январында өткөн жылга салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода алакаларынын көлөмү 38%га өскөн. “Ал эми биримдикке мүчө-мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөргө ташуулары 37%га көбөйгөн. Экспорттук-импорттук операциялардын структурасы кыйла жакшырды, соода сырьесунун салыштырмалуу салмагы азайды, машиналардын, транспорттук каржаттардын, азык-түлүк жана айыл чарба товарларынын үлүшүнүн өсүшү байкалды. Быйыл ушундай эле оң көрсөткүчтөрдү күтүп турабыз. Басымдуу бөлүгү ЕАЭБ мүчөлөрү активдүү өздөштүргөн россиялык рынокко туура келет. Бул өнөктөштөр жана россиялык керектөөчүлөр үчүн пайдалуу. 2016-жылы Россияга биримдиктин биргелешкен ташууларынын 62%ы туура келди”, - деди В.Путин.

“Кыргызстанда текстилдик жана тигүү өнөр жайы калыбына келип жатат. 2016-жылы кыргызстандык жеңил өнөр жай товарларын биримдиктин өлкөлөрүнө экспорттоо 38%га, товар айлантуу 22%га жогорулады”, - деп кошумчалады Россиянын Президенти.

Мындан тышкары, Россиянын Президенти акыркы учурда мыйзам базасын жакшыртууга зор көңүл бурулуп жатканын билдирди.

“Бажы кодекси, газ жана нефти продуктуларды ташуу боюнча жалпы эрежелерди түзүү Концепциясы, каржы рыногун либералдаштыруу баскычтары сыяктуу фунтаменталдуу маселелер макулдашылып, бул маселелер боюнча алгылыктуу чечимдерди кабыл алууга жетишилди. Макроэкономикалык кырдаалга, негизги капиталга инвестицияларды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий