• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы кыйноо боюнча прокуратурага 435 арыз түшкөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. 2016-жылы прокуратурага кыйноо жана ырайымсыз мамиле кылуунун башка түрлөрү боюнча 435 арыз келип түшкөн. Ал эми 2015-жылы 489 кайрылуу катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир арыз прокурорлордун өзгөчө көзөмөлүнө алынып, ар бир кылмыш ишине кылдаттык менен мамиле жасалат.

Мурдараак кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов Кыргызстандагы кыйноолордун 84,8% пайызы, мойнуна алган көрсөтмөгө жетиш үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жасалаарын билдирген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жарандар арыз менен прокуратура өкүлдөрүнө 0(312) 54-28-18 телефондору аркылуу түз арыздана алат. Ошондой эле, Башкы прокуратуранын сайтында жайгашкан интернет-кабылдама аркылуу кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий