• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2016-жылы Кыргызстан 17 терактын алдын алган

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. 2016-жылы Кыргызстан 17 террордук актынын алдын алган. Бул тууралуу Бишкектеги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн терроризмге каршы форумунда КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

“Бул биз үчүн чыныгы коркунуч. Кыргызстандын УКМК жана ИИМи айрым өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларды алдын алуу жана болтурбоо иштерин аткарууга күчү жетет”, - деген Жумакадыровдун сөзүн 24.kg келтирет.

Ал 2016-жылы эле 8 террордук топ жок кылынып, 17 теракттын алдын алынып, 95 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын кошумчалады, - деп жазат knews.kg.

Коопсуздук кеңешинин катчысы 2017-жылдын башынан тарта республикада теракт мерчемдеген бир нече адам кармалгандыгын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий