• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда товар жүгүртүү 1 млрд доллардан ашкан

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. 2016-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда товар жүгүртүү 1 млрд 50 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Россия-Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк ( коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык)” аттуу эл аралык конференцияда КР вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 467 млн долларды түздү.

“Мында Россия менен товар жүгүртүү жалпы эсептин 1/5 бөлүгүн түзүүдө. Эгерде алтындын экспортун эске албаганда бул сан 40% көрсөтөт. Негизинен кийим жана ага керектүү буюм-тайымдар, азык-түлүк товарлары экспортко чыгууда. Ал эми нефтинин экспорту 36%, азык-түлүктүкү – 13%, кара жана түстүү металл – 12,5%, химиялык продуктылар – 9,7%ды түзгөн”,-деди ал.

Ошондой эле, Олег Панкратов КР Менен РФнын ортосунда дипмамиле 1992-жылы 20-мартта түзүлгөнүн белгиледи.

“25 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосунда 200 макулдашууга кол коюлган. Ушул айда Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия сапары да каралууда”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий