• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2016-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,5%га төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү өлкөлөрүнүн экономикалык активдүүлүгүнүн төмөндөшү республиканын экономикалык абалына олуттуу таасир тийгизди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча тышкы соода жүгүртүү 2016-жылы январь-ноябрда 4 млрд 716,4 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га аз.

“Отчеттук мезгилде товар экспорту 7,1%га төмөндөп, 1 млрд 315,2 млн АКШ долларын түздү. Ал эми товарлардын импорту 3 млрд 401,2 млн АКШ долларын түздү ( өсүү 0,9%). Натыйжада республиканын соода балансынын дефицити 2 086,0 млн АКШ долларын түздү, бул 2015-жылдын январь-ноябрындагы көрсөткүчтөн 6,7%га көп”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий