• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы миокарда инфарктына жана инсультка байланышкан өлүм саны 17,9%га азайган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кечээ, 15-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо боюнча 2012-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасынын ишке ашырылышы тууралуу маселени карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бул багытта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев баяндама жасады.

Андагы айтылгандарга караганда, аталган программа төрт негизги приоритетүү багыттарды камтыйт. Алар Миң жылдык өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча КР милдеттеринин жана тажрыйбаларынын негизинде тандалган. Атап айтканда, бул тутумда жүрөк-кан тамыр оорулары, энелер менен балдардын саламаттыгын сактоо, кургак учук, АИВ инфекциясы камтылган.

Жогорудагы ооруларды азайтуу алкагында эл аралык донорлор менен иштешүүгө туура келди. 2012-2016-жылдар аралыгында ушул багытта КР Швецария өкүлчүлүгү – 11,9 млн. АКШ долларына барабар колдоо көрсөтсө, Дүйнөлүк банктын салымы – 13,5 млн. долларга жеткен. Немец өнүктүрүү банкы дагы четте калган эмес. Ал тараптын инвестициясы 16 млн. еврону түздү.

Натыйжада 2012-жылга салыштырмалуу 2016-жылы миокарда инфарктына жана инсультка байланышкан өлүм саны 17,9%га азайган. Бардык ҮМБларда кардиологиялык кабинеттер ачылган. Тамеки жасалгаларына карата акциздик салыктын чени эки жана андан көп эсеге жогорулатылган. Ошондой эле чыгымдардын кутучаларына эскертүүчү иллюстарциялык сүрөттөр жайгаштырылган.

5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүм көрсөткүчү 2012-жылга салыштырганда 2016-жылы 15,8%га кыскарган. Эне сүтү менен азыктанган балдардын саны болсо өскөн. Энелер арасындагы жоготууларга келгенде 40,2%га төмөндөгөн көрсөткүчтөр аныкталган.

Айылдардын 84%ында 1700 ден соолук комитеттери түзүлгөн. Бул деген эне жана баланын ден соолугун коргоо багытында чечим кабыл алууда жарандык коомдун өкүлдөрү да жигердүү катышып жатат,- деген сөз.

Ордо калаадагы шаардык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасы үчүн 120 жатак орундуу жаңы имараттын курулушуна 6,5 млн. евро бөлүнгөн. Ошондой эле кургак учукту каттоо иштерин жөнгө сала турган жаңы отчеттук формалар иштелип чыккан. Антиретровирустук терапияны өлкө боюнча 2668 сыркоолуулар алышат. Анын 417си жаш балдар.

Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо боюнча 2012-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасынын ишке ашырылышы тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматы эске алынсын,- деп табылды. Эми бул суроо Жогорку Кеңештин кароосуна дагы чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий