• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2016-жылы Түркиянын 10 жаранына Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилген – милиция

Коом 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2016-жылы Кыргыз Республикасынын паспортун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген КРнын президентине караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгы астында он түрк жаранын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алынып, ошол эле жылы КРнын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиянын он жаранына КРнын жарандык паспорту берилгени аныкталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жана аталган ишке катыштыгы барларды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүштун алкагында ыкчам иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий