• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекиди

Өкмөт 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, Мамлекеттик программанын негизги максаты райондордогу жана калктуу айыл пунктарындагы жаңы сугат жерлерге айыл чарба азыктарын өстүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелерди, коомдук-экономикалык абалды жакшыртуу менен камсыз кылуу болуп саналарын билдирди.

«2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына 58,8 млрд сом бөлүнүп, 65,7 миң гектардан ашык жаңы сугат жер ишке кирип, жерлерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 миң гектар жерди өз алдынча суугаруу системасына өтүп, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт», – деди Көкүмбек Таштаналиев.

Ал ошондой эле айыл тургундарына жаңы сугат аянттарын бөлүп берүү менен өлкөдө 242 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болорун билдирди.

«Жаңы сугат аянттары жаңы жумуш орундары менен гана камсыз кылбастан, ижарага жер иштетүүдөн жылына 1,5 млрд сомдой киреше да түшүрөт. Жаңы сугат жеринде ИДП көлөмү 12 млрд сомго чейин жетет. Белгилеп кете турган болсок, сугат жерлери өлкөдө кайра иштетүү өндүрүшүнүн жакшыруусуна шарт түзөт», - деди Көкүмбек Таштаналиев.

МЫндан тышкары, ал каралып чыккан 45 мамлекеттик объект 3 этап менен ишке ашырыларына жана эл аралык финансылык институт тарабынан каржыланарын билдирди.

Биринчи приоритетке 17 ирригациялык объект кирди, алардын каржы булактары аныкталып жалпы суммасы 4895 млн сомду түздү.

Экинчи приоритетке азыркы тапта эл аралык финансылык уюмдар менен каржы жагы сүйлөшүлүп жаткан 16 объект кирди, жалпы суммасы 36276 млн сом.

Үчүнчү приоритетке учурда каржылоо булагы изделип жаткан 12 объект кирди, алардын суммасы 17615 млн сомду түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жаңы сугат аянттарында кооперативдерди түзүүгө шарт түзөт, чек ара аймактарын бекемдеп, ички миграция агымы азайып, жаңы жумуш орундары түзүлүп, кайра иштетүү жана тоо кен тармагын жакшыртууга бир топ шарттар түзүлөт.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, өлкөнүн 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын жана 2040-жылга чейин жаңы иштелип чыккан өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, ирригациялык системаны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыйынтыгында 2017-жылдын апрель айында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылында ири ирригациялык долбоор Бүргөндү массиви ишке кирди.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий