• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылдагы өнөр жай продукциясынын көлөмү мурдагы көрсөткүчтөрдөн 20% өскөн – Улуттук статком

Экономика 0

Бишкек, 10.10.17. /Нуркыз Сабырова –Кабар/. 2017-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га өскөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева ведомстводогу маалымат жыйында өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү металл кендерин, тазаланган нефть продуктуларын, негизги металлдарды, темир эмес минералдык продуктуларды өңдүрүү жана азык-түлүк продуктуларын өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталды.

Ошондой эле электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 2016-жылдын 9 айына караганда 12,3%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий