• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2017-жылдагы республикалык бюджеттин жарымы социалдык чөйрөгө жумшалган – Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 10.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдагы республикалык бюджеттин жарымы социалдык чөйрөгө багытталган. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн 9 айда республикалык бюджеттин социалдык тармакка жумшалган чыгымдары 49 млрд 654,5 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1 млрд 424,5 млн сомго көп.

Чыгымдардын 19,9% - социалдык коргоо долбоорлорун каржылоого, 17,2% - билим берүү долбоорлоруна, 9,8% - саламаттык сактоо долбоорлоруна, 3,1% - туризм, маданият жана дин тармактарына, ошондой эле 1,5% турак-жай-коммуналдык чарбачылыкты жакшыртууга багытталган. Натыйжада, социалдык тармакка багытталган каражаттардын быйылкы жылдын 9 айындагы суммасы 51,5%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий