• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылдагы Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы өзүн толук бойдон актады – КР президенти

Президент 0

Бишкек, 15.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы өзүн толук бойдон актады. Өлкө, бийликтин бардык органдары, коом биздин кадамдарыбызды жана иш пландарыбызды аныктаган документке ээ болду”, -деп билдирди бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

“Өлкө үчүн татаал мезгилде биз Улуттук кеңешти түзүп, анда өлкөнүн эң олуттуу жана чечилбеген маселелерин талкууладык. Кеңеште учурдагы туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынган. Аны ишке ашыруу бизге эң башкысы – туруктуулукка жетишүүгө шарт түздү”, - деди ал.

Анын айтымында, коомдуу жалпы улуттук максаттардын айланасында топтоштуруу саясий жана экономикалык жагдайды турукташтырып, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жолуна чыгарууну шарттады. “Биринчи кезекте, бул албетте өлкөбүздүн өнүгүшүнүн демократиялык негиздерин ырааттуу бекемдөөгө байланыштуу. Биз парламентти чыңдоо, аткаруу бийлигинин туруктуулугу үчүн шарттарды баскыч баскычы менен түздүк. 2016-жылдын декабрында КР Конституциясын өзгөртүү биз тандаган парламенттик демократияны өнүктүрүү жолун ырастады”, -деп белгиледи Атамбаев.

Президент жаңы шайлоо моделин киргизүү жана ачык шайлоолорду өткөрүү калктын бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. “Заманбап технологияларды колдонуу менен шайлоолорду өткөрүү менен биз жаңы стандарттарды ишке киргизип, бул процесстерди кайталангыс кылдык. Артка чегинүү жок”, - деди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий