• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылдын 5 айында ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8 млн АКШ долларын түздү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8млн АКШ долларын түздү жана бул 29,3% көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 20- июлда, «Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте, жыйынтыктар, маселелер, келечек» аталышында өткөн тегерек стол жыйынында билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы жаңы интеграциялык эрежелерге ыңгайлашуу этабынан өтүүдө. Ыңгайлашуу мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, 2017-жылдын январь-май айларында республикада алтынды эске албаганда экспорт 400,2 млн АКШ долларын түздү жана 23,4% жогорулады. Ал эми импорттук товарлар аналогдук мезгил үчүн 1614,6 млн АКШ долларын түздү жана 2016-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 10,9% өстү. Мындан улам экспорттун өсүүсү импорттун өсүү темпинен ашты. Бул биздин товарлардын ЕАЭБ рыногунда атаандаштыкка туруктуу экендигинен кабар берет. Экспорттун өсүүсү менен бир эле учурда акчалай которуулардын өсүүсү катталган. 2017-жылдын 5 айында Кыргыз Республикасындагы акча которуулар 695,4 млн АКШ долларын түздү, жана өткөн жылдын аналогдук мезгилине салыштырмалуу ал 39,2% өстү», – деп баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кирүү менен бирдиктүү техникалык жөнгө салуу системасына кошулду, бул азык-түлүк коопсуздугуна талаптын жогорку деңгээлин камсыз кылат жана өз кезегинде эл аралык тажырыйбага жана мыкты практикага негизделген.

«Бирдиктүү талаптарга өтүү ЕАЭБ аймагында техникалык регламенттердин кабыл алынуусуна байланыштуу бардык тапшырмаларды жана милдеттерди шайкеш келтирүү менен коштолот. Жаңы регламенттерди кабыл алуу менен биздин ишканалар экспорт үчүн экспортко багытталган продукцияларын чыгарууда көп чыгымга дуушар болушпайт, жаңы техникалык регламенттердин ишке кирүүсү менен биздин аймактагы ар бир ишкана толук кандуу экспортер болуп саналат.

Аны менен бирге биздин продукциялар ЕАЭБ алкагында бир топ жогору талаптарга жооп берет жана евразиялык биримдиктин чегинде атаандаштыкка жөндөмдүү, биздин ишкерлерге болгон жеңилдиктер ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн, Европа биримдиги жана Кытайдын рыногуна чыгууга жол ачат.

Эң башкысы ЕАЭБ техникалык регламенттерин кабыл алуу менен биздин керектөөчүлөр бир топ коопсуз жана бардык тиешелүү стандарттарга жооп берген продукцияларды ала алышат», – деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий