• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылдын аягына чейин 43 миӊ кыргызстандык жаран «кара тизмеден» чыгарылууга тийиш

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. 2017-жылдын аягына чейин 43 миӊ кыргызстандык жаран «кара тизмеден» чыгарылууга тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев КСДП парламенттик фракциясында миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угулуп жатканда билдиргендигин ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

«Жыл башында 106 миӊден ашык адам «кара тизмеде» бар бочу. Мындай адамдардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 4195 кишиге кыскарган. Анын ичинде 51 миӊ жаранга сот аркылуу тыюу салынган. Эми жыл аягына чейин дагы 43 миӊ жарандын «кара тизмедеги» 3 жылдык депортациялоо мөөнөтү аяктоого тийиш», - дейт ал.

Андан тышкары, эмгек мигранттарын иш жүзүндө жашаган жеринде каттоого алуу, эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо, мигранттардын жеке ишкер катары иштөөсүндө ошол өлкөдө болуу мөөнөтүн так аныктоо, ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдө жарандарды мигранттык карточкаларды толтуруудан бошотуу жаатында бир катар тезинен чече турган маселелер бар экени белгилүү болду.

Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү депутат Данияр Аттокуровдун акыркы 3 жыл аралыганда канча адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартканы тууралуу суроосуна так жооп бере албай, тактагандан кийин жазуу жүзүндө жооп берүүгө убада кылды.

Эске салсак, апта башында Президент Алмазбек Атамбаев 175 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилгени, 125 адам жарандыктан чыгарылганы жөнүндө Жарлык чыгарган.

КСДП фракциясында Өкмөттүн миграциялык кырдаал тууралуу маалыматын талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий