• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылдын I кварталында Кыргызстандын экспорту 28,5% өстү

Өкмөт 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. 2017-жылдын I кварталында Кыргызстандын экспорту былтыркы жылга салыштырмалуу 28,5% өстү. 2016-жылдын I кварталында 332 млн АКШ долларлык товар экспорттолгон болсо, 2017-жылдын I кварталында экспорттолгон товарлардын жалпы суммасы 433 млн АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров бүгүн, 30-майда маалымат жыйында билдирди.

Экономика министринин орун басары негизинен товарлардын басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана ЕАЭБ кирген мамлекеттерге экпорттолуп жатканын билдирди.

«2017-жылы сырткы товар алмашуунун суммасы 1,3 млрд АКШ долларын түзгөн, бул 2016-жылга салыштымалуу 19,2% жогору. Экспорттук көрсөткүч негизги 3 багыттан улам жогорулады. Өнөр жай тармагындагы товарлардын экспорту 40%, сүт азыктары 2 эсеге, ал эми алтын 50% көп экспорттолгон»,-деди Эльдар Абакиров.

Ал экспорттук потенциалды мындан да жакшыртууга болорун, ал үчүн, азыркы таптагы ишкерлер туш болуп жаткан айрым көйгөйлөрдү жоюу керектигин кошумчалады.

Экономика министрлиги миңден ашык ата мекендик ишкерлерди сурамжылоо жүргүзүп, алардын 250 өздөрү өндүргөн товарларын сырткары чыгарып жатканын жана андагы негизги кемчиликтерди иликтеп чыккан.

Өндүрүлгөн товарга дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө суроо-талап жогору экендиги тууралуу маалыматтардын жетишсиздиги, ар түрдүү мамлекеттерде өткөрүлгөн көргөзмө-жарманкелерге катыша албай жатканы жана товардын сырткы көрүнүшү рынок шартына жооп бере тургандай талаптардын жетишсиздигинен улам дагы көптөгөн ишкерлер сырткы рынокко чыга албай жатышат.

Бул багытта ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн КР экономика министрлигинин алдында экспортту жана инвестицияны алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттик ачылган. Ал жакка каалаган жарандар барып, экспортко байланышкан суроолорго жооп алып, чет элдик рынокко чыгуунун жолдорун сураса болот.

Пикир

Оставить комментарий