• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 7,8%га өскөн – Статком

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. 2017-жылы январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча ушул аралыкта Ички дүң продуктынын көлөмү 86 млрд сомдон ашыкты түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7,8%га көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Люксина Текеева билдирди.

Анын айтымында, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканынын эсебисиз ИДП үстүбүздөгү жылы январь-март айларында 76 млрд сомду түзүп, 3,9%га көбөйгөн.

“Ушул аралыкта өнөр жай продукциясынын көлөмү 52 млрд сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,9%га өскөн. Өндүрүштүн өсүшү металлдык кендерди казуунун, кийим жана тамак-аш продуктыларынын көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалган”,-деди Л.Текеева.

Ошондой эле, ал электр энергиясы, газ, пар жана кондиционер абасы менен камсыздоонун көлөмү 2016-жылдын январь-март айларындагы деңгээлден 17,1%га өскөн деп кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында керектөөчү сектордогу инфляциянын деңгээли 2,1%ды түздү. Ушул жылы март айында өткөн айларга салыштырмалуу керектөө баасынын өсүшү 0,5%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий