• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча карышкырдан 30 млн сом зыян келтирилген

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Кыргызстан калкынын 65 пайызы элет жеринде жашайт, анын негизги байлыгы – мал. Тилекке каршы, кышкысын элеттиктер карышкырдан жабыр тартууда. Өткөн жылы алар карышкырдан канча чыгымга учурады? Депутат Чыныбай Турсунбеков КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда өкмөт өкүлдөрүнө ушундай собол салды.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев азырынча бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Ал эми вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2017-жылдын жыйынтыгында карышкырдан 30 млн сом зыян тартканын билдирди. «Албетте, 30 млн сом элеттиктер үчүн чоӊ чыгаша», - деп кошумчалады ал.

Чыныбай Турсунбеков 30 млн сомдук чыгым расмий гана маалымат экенин эске салып, көп малчылар эч жакка кайрылбай турганын белгиледи. «Менимче, 30 сом – расмий эле маалымат, иш жүзүндө андан эсе көп чыгаша тартабыз. Жогоруда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы чет өлкөлүктөрдүн аӊчылыгынан 61 млн сом киреше түшкөнүн айтты, ошол эле учурда, биз карышкырдан 60 млн сом чыгаша тартып жатпайбызбы», - деди ал.

Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Өрткө каршы күрөшүү кызматына 8 атайын машина сатып бере турганы белгилүү болду. «Өрткө каршы күрөшүү кызматынын абалы оор. Азыр 15-17 кабаттуу үйлөр курулууда. Бишкек шаарында анын башкы кабытына жете турган бир гана машина бар, Ошто жок», - дейт Аскарбек Шадиев.

Пикир

Оставить комментарий