• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча кооперативдердин саны 445ге жетти - Мурашев

Коом 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча кооперативдердин саны 445ге жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 360 кооператив болгон, алардын өсүүсү байкалууда.

“Бүгүнкү күндө биз кооператив боюнча мыйзам долбоорун киргизүүдөбүз. 2014-жылы тиешелүү мыйзам кабыл алынган, бирок ал жерде айрым учурлар эске алынган эмес. Мисалга, кооперативдердин курамын тандоо, багыттарды аныктоонун тартиби ж.б”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий