• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылдын жыйынтыгында атайын каражаттар түрүндө 10 млрд 686 млн сом түшкөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өлкөнүн каржы саясатына байланыштуу улуттук мыйзамдарды КР Бюджет кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Салыкты эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт», - дейт ал.

Андан тышкары, 2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелердин атайын каражаттары түрүндө 10 млрд 686 млн сом түшкөнү белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий