• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2017-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 855 млн сом деңгээлинде болжолдонууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, 2017-жылдын республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2017-жылы 141 млрд 527 млн сом көлөмүндө болжолдонууда, бул мурда бекитилген бюджеттен 14 млрд 698 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылдагы республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 162 млрд 383 млн сом деӊгээлинде белгиленген, бул мурда бекитилген бюджеттен 12 млрд 232 млн сомго көп.

Андан тышкары, 2017-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 855 млн сом деңгээлинде болжолдонууда, ал ички дүӊ өнүмгө карата 4,2 пайызды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий