• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2017-жылы 710 миң жаран чет өлкөгө иш издеп кеткен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Үстүбүздөгү жылы 710 миңге чукул кыргыз жараны чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Бул туурасында парламентте Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди. Чет өлкөдөгү мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияда иштешет.

Мекеменин маалыматы боюнча, Россияга иштегени 616 миң кыргыз жараны кеткен. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 66 миңге көптүк кылат. Казакстан менен Түркияда 30 миңге чукул жаран эмгектенсе, 14 миң кыргыз Түштүк Кореяга, 20 миңге жакыны башка мамлекеттерге чыгып кеткен.

Россияда иштеп жүргөндөрдүн 15 миңинин ал жакта жашаганга укугу бар. Мындан тышкары, мигранттардын жарымы ал жакта туруктуу жашап, иштегенге жеңил болушу үчүн Россиянын жараны болгонго аракет кылышат. Кыргызстандын өкмөтү Россиялык булактарга таянып, чейрек кылымда 580-590 миң жаран Россиянын паспортун алганын айтышат. Ал эми учурда болжол менен 100 миңге чукул кыргыз жараны ар кандай мыйзам бузуулар менен кара тизмеге илинип, Россиянын аймагына кире алышпайт. Анткен менен 2017-жылы алардын саны кыскарышы мүмкүн экени айтылууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз жарандарынын 89 пайызы Россияны достук мамиледеги мамлекет катары эсептейт. Бул маалымат “Европа өнүктүрүү банкы” жасаган докладда көрсөтүлгөн. Ал эми жарандардын 37 пайызы Казакстанды, 15 пайызы Түркияны жакын мамлекет катары санайт.

Сүрөт: www

"Российская Газета"
Данияр Каримов
08.06.17

Пикир

Оставить комментарий