• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы айыл чарба азыктарын экспорттоо 500 миң тоннадан ашат – Айыл чарба министри

Экономика 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстандын айыл чарба азыктарын экспорттоо 500 миң тоннадан ашыкты түзөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы бул көрсөткүч 450 миң тоннаны түзгөн. «Биз мониторинг жүргүзүп, дыйкандарга эмнени айдаш керек экенине кеңеш беребиз. Бирок, дыйкандардын бары эле биздин кеңешибизди колдоно беришпейт. Мисалы, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын, мөмө-жемиштерди экспорттойбуз, ал эми европа базарларына кургак жемиштер экспорттолот. Эгер фермерлер ушул азыктарды эгишсе, кийин сатып алуучуларды издешпейт эле”,-деди министр.

Ошондой эле, Айыл чарба министри бир катар продукциялар бар, алар өлкөнүн ичинде, чет өлкөлөрдө дагы көбүрөөк колдонулат деп белгиледи. Мисалы, бул жылы күрүчтү эгүү аянты кеңейтилет, анткени бул азык жогорку суроо-талапка ээ.

Пикир

Оставить комментарий