• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылы чет өлкөлөрдөн 444,4 млн доллар которулган

Экономика 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. 2017-жылдын биринчи кварталында чет өлкөлөрдөн 444,4 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, которуулардын агымы өткөн жылга салыштырмалуу 142,6 млн долларга өскөн.

Апрель айында 191 млн доллар которулган. Анын 97% Россиядан келген. Былтыркы жылы апрелде Россиядан келген акча агымы 150 млн долларды түзгөн.

Алыскы чет өлкөлөрдөн 10,57 млн доллар келген болсо, анын 6,8 миллиону АКШдан которулган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 1,99 млрд.доллар котрулган.

Пикир

Оставить комментарий