• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылы экономиканын өсүшү 4,5 % түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү. Бул туурасында бүгүн, 22-февралда, өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө маалым болду,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү.

Баяндама менен чыккан экономика министри Артем Новиков билдиргендей, экономиканын бардык тарамактары тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү – 2,2 %, курулушта – 7,1 %, тейлөө тармагындагы өсүш 2,1 % барабар болгон.

«Негизги өсүш өнөр жай секторунда орун алып, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу, металлургиялык рудаларды казуунун жогорку көрсөткүчү, электр энергиясын өндүрүүнүн, аны жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн жогорулашы эсебинен 11,8 % реалдуу өсүү темпи орун алган», – деди ал.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө оңдуу тенденциялар сакталууда.

«Тактап айтканда, 2017-жылдын январь-декабрь айында экспорттун өсүш темпи (13,8%) импорттун өсүү темпинен жогору болгон (12%). Мында ЕАЭБ өкөлөрүнө экспорттоо 27% жогорулаган. 2017-жылдын январь-ноябрь айында Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомчулугунун 124 мамлекети менен соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде импорт боюнча – 118, экспорт боюнча – 85 байланышты ишке ашырган», – деди Артем Новиков.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5 602,5 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу 10,9 % жогорулаган.

Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүү 2 179,2 млн АКШ доллары көлөмүндө орун алды жана ал 14,3% жогорулаган, бул көлөм республиканын жалпы товар жүгүртүү көлөмүндө 38,9 % түзүп, анын ичинде экспорт – 522,7 млн АКШ долларын (25,7 % өсүү), импорт – 1 656,5 млн АКШ долларын түзгөн (11,2 % өсүү).

КМШ мамлекеттери менен 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы товар жүгүртүү көлөмү 17,5 % жогорулап, 2542,0 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде экспорт – 687,1 млн АКШ долларын (23,1% өсүү), ал эми импорт – 1854,9 млн АКШ долларын (15,5 % өсүү) түзгөн.

Алыскы чет мамлекеттер менен соода жүгүртүү 3060,5 млн АКШ долларын түздү (өсүү 6,0 %), анын ичинде экспорт – 854,2 млн АКШ долларын (өсүү 5,6 %), импорт 2206,3 млн АКШ долларын (өсүү 6,2 %) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий