• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2017-жылы фермерлер үчүн жеңилдетилген насыя 7 млрд сомго чейин көбөйтүлдү – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Өкмөтү фермерлер үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмүн 7 млрд сомго чейин көбөйттү. Бул тууралуу Айыр чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилегендей, бул токтомдо өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана кайра иштетүү тармагындагы жумушчулар үчүн белгилүү жеңилдиктер каралган.

“Дыйканчылык жана мал чарбачылык үчүн насыяны төлөөнүн мөөнөтүнүн жылдык ставкасы - 10%. Кайра иштетүү тармагы үчүн жылдык ставка 6%га чейин төмөндөтүлөт. Фермерлерден арыздар түшкөн, коммерциялык банкттар жакын арада арыздарды, акча каражаттарын бөлүү жана берүүнү карай башташат”,-деп билдирди ведомство.

Пикир

Оставить комментарий