• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 87 кылмыш иши козголгон – Курсан Асанов

Коом 0

Бишкек, 28.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 87 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Кыйноо жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” эл аралык конференциясында КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Ал ИИМде республика боюнча “ишеним телефондору” бар экенин, аларга 2017-жылы зомбулук фактысы боюнча 267 билдирүү түшүп, 143ү ырасталганын белгиледи.

“52 ордер берилип, 87 кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары ИИБ ишмердигиндеги маанилүү багыттардын бири катары зомбулукту жана жашы жете электерге карата кылмыштардын алдын алуу саналат. Квартал сайын ар бир турак үй ээликтерин текшерип, өзгөчө көңүл мигранттардын балдарына жана жетимдерге бурулат. Республиканын бардык аймактарында Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун колдоосу менен беш жүздөн ашуун ИИб кызматкерлери кабыл алынган нормативдик укуктук актыларды колдонуу боюнча окутулду”, - деп баса белгиледи Асанов.

“Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу эл аралык тажрыйбасы административдик жоопкерчилик Кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий