• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылы Юстиция министрлиги 535 айылдын жашоочуларына укуктук жактан акысыз жардам көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 15.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылы Юстиция министрлигинин “Тилектештик автобусу” акысыз укуктук жардам көрсөтүү үчүн 535 айылга барган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында укуктук пропаганда жана маалымат боюнча башкармалыгынын башчысы Кубан Казаков билдирди.

Ал билдиргендей, укуктук жардам өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган 5,5 миң адамга көрсөтүлгөн.

“2016-жылы биз 350 айылга барганбыз. Ошондой эле биз аркылуу “Өз укугуңду бил” жана “Мен Коституция боюнча жашайм” программалары ишке ашууда. Аталган жайылтуулар калк массалык топтолгон жерде жүргүзүлүп жатат. Жакында эле ушундай иш-чаралар “Дордой” жана “Ош базар” базарларында өткөрүлдү. “Пирамида” телеканалы жана “Марал” радиосу аркылуу жума сайын укук боюнча элдердин берген суроолоруна жооп бере турган программалар болууда”,-деп билдирди Казаков.

Юстиция министрлиги тарабынан мыйзам жана токтомдорду таба ала турган мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Кызмат ошондой эле Юстиция министрлигинин сайтында да бар.

“2016-жылы биздин сайтка 1 млн 94 миң кирген, ал эми 2017-жылы бул сандар млн жана 900 миңге чейин өскөн”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий