• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы Юстиция министрлиги 8 миңге жакын адамга акысыз юридикалык жардам көрсөткөн

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. 2017-жылы КР Юстиция министрлиги 8 миңге жакын адамга акысыз юридикалык жардам көрсөткөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, “Өз укугуңду бил!” акциясынын жүрүшүндө бардык облустарда юстиция кызматкерлери тарабынан калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.

“2017-жылы бул акция 20-23-июнда жана 31-октябрдан 3-ноябрга чейин өткөрүлүп, акысыз жардам алгандардын саны 7 миң 606 адамды түзгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылы бул акция 22-23-июнда жана 12нен 20-октябрга чейин өтүп, 3 миң 700 адамга акысыз юридикалык жардам берилген.

Эки жылдын жыйынтыгы боюнча 4 акция уюштурулуп, 11 миң 306 адамга акысыз юридикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий