• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылы «капиталдык салым» беренеси боюнча 8,6 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылы аткарылган иштери тууралуу отчетун сунуштады.

«2017-жылы республикалык бюджеттен «капиталдык салым» беренеси боюнча 8,6 млрд сом бөлүндү. Бул каражаттарга 76 билим берүү мекемелери салынды, анын ичинен 18 мектеп жаңы курулду. Бир жылдын ичинде эле 6 жаңы медициналык мекеме салынып, 4 оорукана капиталдык ремонттон өткөрүлдү», - деди ал.

Өкмөт башчы калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 2017-жылы жалпы суммасы 100 млн АКШ долларына 7 келишимге кол коюлганын билдирди.

«47,5 млн доллар – кредит, ал эми 51,3 млн доллар – грант катары келди. 2026-жылга чейин пландаштырылган 20 шаар жана 453 айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын эсебинен 193,72 млн евро каражатка 16 шаарда иштер жүрүүдө. 2017-жылдан тартып Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 71,2 млн долларга 91 айылда иштер болуп жатат. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 23 млн доллар каралып, Жалал-Абад облусунун 24 айылында таза суу боюнча иштер башталды», - деп кошумчалады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий