• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2017-жылы КР менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд долларды түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине нааразы болгон айрым ишкерлер бар. Бул каржы институту өнүктүрүү фонду болбой эле, банкка айланып калды дегендей пикирлер да жок эмес. Демек, бизнести каржылоонун жаӊы усулдарына өтүү зарыл. Ошого карабастан, фонддун ишинде кыйла жылыштар болду. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелер боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Министринин орун басарынын айтымында, 2017-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд долларды, ал эми экспорт 260 млн долларды түзгөн. «Ушу тапта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 276 млн доллар наркындагы 1064 долбоор жактырды. Фонд тарабынан каржыланган ишканалардын экспорту 35 пайызга өстү», - деп кошумчалады ал.

Депутат Каныбек Иманалиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эӊ ийгиликтүү долбоорлордун бири болгонун баса белгиледи. «Мисалы, фонддун көмөгү менен Кемин районунда эле эки ири долбоор ишке ашырылып жатыптыр, бул жакшылыктын жышааны. Азыр региондорго, айрыкча кичи шаарларды өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл буруу зарыл. Анткени, шаар түзүүчү мурдагы ишканалардын көбү банкрот болуп калды. Ал үчүн жеӊилдетилген насыяларды берүү, анын пайыздарын төлөө жана күрөөгө мүлк коюу шарттарын кайра карап чыгышса жакшы болмок», - деди депутат.

Федералдык Жыйындын делегация башчысы, Мамлекеттик Думанын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин региондорду өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдой турганын билдирди. «Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржы уюму эле эмес, ал эки өлкөнүн өз ара кызматташтык мамилелерин өркүндөтүүгө багытталган саясий институт да болуп саналат. Ошондуктан, фонддун насыяларды берүү шарттарын кайра карап чыгып, региондорду өнүктүрүү жаатында кыйла ийкемдүү усулдарды колдонсо болот», - деп кошумчалады ал.

Андан сырткары, жакында Ош шаарында «Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун филиалы ачылганы, анын ишине мамлекеттин үлүшү бар «Айыл Банк» менен «РСК Банкынын» жер-жерлердеги бөлүмдөрү көмөктөшүп жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий