• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашуун кылмыш ишинин бети ачылды – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда 23 миң 551 кылмыш иши козголгон, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөн 4% жогору. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы алардын саны 767 учурга аз болгон. Алардын жалпы санынан былтыр 20 миң 392синин бети ачылып, сотко 17 миң 292 жөнөтүлгөн.

Милициядан кабарлашкандай, тергөө ишин жүргүзүүнүн башкы маселелери төмөнкүлөр:

- Ар бир тергөөчүүнүн иш жүгү;

- Кесипкөй кадрларды жогорулатуу;

- материалдык-техникалык камсыздоо.

Пикир

Оставить комментарий