• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 31,7%га азаят - Дүйнөлүк банк

Экономика 0

Бишкек, 2-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанда 2017-18-жылдары жакырчылыктын деңгээли азаярын божомолдойт. Бул тууралуу Кыргызстан боюнча 2017-жылдын каржылык уюштуруусундагы отчётто айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, жакырчылыктын азаяшынын себептери айыл-чарбасынын жана курулуштун туруктуу өсүшү, аны менен катар акча которуулардын көбөйүшү болуп саналат.

“Божомолдорго караганда, айлык акы жеке тармактарда акырындык менен көбөйөт, анын негизинде шаарларда жана айылдарда жакырчылыктын деңгээли азаят. Пенсияны көтөрүү оң бөлүштүрүү таасирине ээ болушу керек, анткени, пенсия аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн каржысынын 15% түзөт”- деп отчётто айтылат.

Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда 2017-жылы соода сатыктагы баалардын арзандашы, сатып алуучуларга да оң таасирин тийгизет.

“Божомолдорго караганда, 2017-жылы улуттук жакырчылыктын деңгээли 31,7%, 2018-жылы 30,2% азаят”- деп божомолдойт Бүткүл дүйнөлүк банк.

Пикир

Оставить комментарий