• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылы мурдагы жылга караганда пенсионерлер 16,4 миңге көбөйгөн

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылы пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектүү сумма 39033,6 млн сом көлөмүндө толугу менен каржыланган. Бул тууралуу Социалдык фонддун коллегиясында ведомствонун төрагасынын биринчи орун басары Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, пенсияны төлөө боюнча 2018-жылдын 1-январына карата карыздар жок.

“2016-жылга салыштырмалуу пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө 3296,9 млн сомго көбөйгөн. 2017-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын жогорулашына байланыштуу пенсиялардын орточо өлчөмү 5517 сомду түзгөн же 516 сомго көтөрүлгөн. 2017-жылы пенсияны көтөрүү зарылдыгы 981,0 млн сомду түзгөн”, - деп кошумчалады ал.

Ирсалиев 2018-жылдын 1-январынан тарта пенсия алуучулардын саны республика боюнча 633,8 миң адамды түзгөнүн, алардын ичинен “Кыргызпочтасы” МИ филиалы аркылуу – 336,9 миң адам же жалпы санынын 53%, республиканын банктары аркылуу – 296,9 миң адам же 47% болгонун кошумчалады. 2016-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 16,4 миң адамга өскөн.

Анын маалыматында, кеминде 11 миң майыптуулук боюнча пенсионерлер да бар.

Пикир

Оставить комментарий