• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2017-жылы Социалдык фонддун 12 кызматкери кызматтан алынган

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун 12 кызматкери кызматтан бошотулган. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен райондук башкармалыктын 4 жетекчиси, райондук башкармалык жетекчилеринин 2 орун басары жана 6 башкы эсепчи. Абжапаровдун айтуусу боюнча, анын башкы себеби иштеги жетишсиздик.

“Иштин бардык материалдары юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,-деди ал.

Соцфонддун башчысы алар пенсияны жана социалдык чегөөрүлөрдөгү уурдоо боюнча кызматтан алындыбы же жокбу билдирген жок.

Пикир

Оставить комментарий