• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы “Түндүк электр” тарабынан 7,5 млрд сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. 2017-жылы “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 5,9 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылга салыштырмалуу 370 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн жылга болгон товардык продукциясы 7,59 млрд. сомду түзүп, анын 7,55 млрд.сому (99,5 %) чогултулган. Көрсөтүлгөн сумманын эсебинен 2017-жылы төлөм чогултуу калк арасында 98 %, өндүрүштүк объектилер – 100,8 %, бюджеттик уюмдар – 102,1 %, айыл чарба объектилер – 101,1 %, жана башка керектөөчүлөр – 100,1 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу өткөн жыл боюнча төмөндөгүдөй: борбор калаабызда төлөм чогултуу 99 %; Чүй облусунда – 100 %; Талас облусунда – 99,8 %.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,65 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1,57 % төмөн.

Пикир

Оставить комментарий